Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:30

Милиция митингде 68 адам кармалганын билдирди


Ички иштер министринин орун басары Алмаз Орозалиев менен Бишкек шаардык ИИБ башчысы Самат Курманкулов УКМК алдындагы митингге байланыштуу маалымат жыйын курууда.

Алардын билдиришинче, митингде жалпы 68 адам кармалып, Биринчи Май райондук милиция бөлүмүнө жеткирилди.

Самат Курманкуловдун маалыматына караганда, кармалгандардын баарына Кылмыш-жаза кодексинин "бейбаштык", "милиция кызматкерлерине кол көтөрүү", "мүлккө чыгым келтирүү" беренелерине ылайык кылмыш иши козголду. Алардын баш коргоо чарасы тергөөдөн кийин аныкталат.

Буга чейин кармалгандардын саны 100-150 чамалуу экенин митингчилер билдиришкен. (AiA/NT)

XS
SM
MD
LG