Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:01

Беларуста полиция бейөкмөт уюмдун кеңсесине рейд жасап, кармоолорду жүргүздү


Беларус полициясы Эркиндик күнүн белгилөө үчүн чыккан демонстранттарды кармап жаткан учур. Минск, 25-март, 2017-жыл.
Беларус полициясы Эркиндик күнүн белгилөө үчүн чыккан демонстранттарды кармап жаткан учур. Минск, 25-март, 2017-жыл.

Минскиде “Жаз” деп аталган белгилүү укук коргоочу уюмдун кеңсесинде жүргүзүлгөн рейд ондогон адамдардын кармалышы менен коштолду.

Бул окуя өлкө боюнча нааразылык акциялар өтүп жаткан учурга туш келди.

Нааразылык акцияларга жана анын учурундагы камоолорго байкоо салып келе жаткан “Жаз” бейөкмөт уюмунун өзүнүн маалыматына караганда, полиция бүгүнкү рейд учурунда алардын кеңселерине тинтүү жүргүзүп, жаап, 57 адамды, анын ичинде чет элдик байкоочуларды да кармап кеткен.

Беларус полициясы бүгүн борбор калаада Эркиндик күнүнө арналган демонстрациянга чыккандардын ондогондорун да камакка алды.

Полиция Минскинин борборун көздөй алып барган жолду торогондо демонстранттар “уят”, “фашисттер” деп кыйкырып жатышты.

Беларус желегин көтөргөн жүздөгөн демонстранттар антиөкмөттүк ураандар менен өлкөнүн башка шаарларында, анын ичинде Брестте, Гомелде, Витсебскиде да чогулду.

Беларуста Эркиндик күнү активисттер тарабынан 1918-жылы бир жылдан аз убакытка өкүм сүргөн Беларус эл республикасынын түзүлгөн күндү эске салуу катары белгиленет.

Демонстранттардын жолун торогон полиция күчтөрү. Минск, 25-март, 2017-жыл.
Демонстранттардын жолун торогон полиция күчтөрү. Минск, 25-март, 2017-жыл.

Учурддагы рейддер менен кармоолор Беларуста акыркы бир нече аптадан бери “бекепороздор салыгы” деп атаган мыйзамга каршы нааразылык акциялары өтүп келген учурга туш келди

Демонстрациялар президент Лукашкенко мыйзамдын күчкө кирүү мөөнөтүн 2018-жылга которгонуна карабай токтогон жок.

Акыркы күндөрү өлкө боюнча оппозициянын 300дөй жактоочусу жана активисти кармалган.

“Жаз” бейөкмөт уюмунун эсебинде, “бекерпоздор салыгына” каршы чыккан 130тай активист 15 суткага чейин абакка кесилген. (UE)

XS
SM
MD
LG