Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:39

Активисттер парламентти чукул жыйын өткөрүүгө чакырды


Жапаровдун тарапкерлерин кармоо учуру. 25-март, 2017-жыл
Жапаровдун тарапкерлерин кармоо учуру. 25-март, 2017-жыл

"Сөз эркиндигин коргоо комитети" бейөкмөт уюму менен "Конституциялык кеңешме үчүн" кыймылы Жогорку Кеңешти жыйынга чогулуп, 25-марттагы окуяларды иликтөө комиссиясын түзүүгө чакырды.

Аталган уюмдар тараткан билдирүүдө мурдагы депутат Садыр Жапаровдун тарапкерлеринин УКМК алдындагы митингиндеги кармоолор боюнча социалдык тармактардагы жана жалпыга маалымдоо каражаттарындагы маалыматтарды, видеоматериалдарды иликтеп, күч органдарынын аракеттерине баа берүү сунушталган.

Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун өкүлдөрүнө кармалгандар менен жолугушууга эмне үчүн уруксат берилбегени аныктоо өтүнүчү да жазылган.

Жогорку Кеңешке каршылык акцияларынын мындан ары да чыңалышынын алдын алуу чараларын тез арада көрүү чакырыгы ташталган.

25-мартта Бишкекте атайын кызмат имаратынын алдында Садыр Жапаровдун жактоочулары аны бошотууну талап кылышып, мунун арты ызы-чуу менен коштолгон. ИИМ митингде башаламандыкка орун берди деген негиз менен 68 адам кармалганын, Биринчи Май райондук милиция бөлүмүнө жеткирилгенин маалымдады. Алардын баарына Кылмыш-жаза кодексинин "бейбаштык", "милиция кызматкерлерине кол көтөрүү", "мүлккө чыгым келтирүү" беренелерине ылайык кылмыш иши козголду. Баш коргоо чарасы тергөөдөн кийин аныкталат. Митингчилер кармалгандардын саны 100-150 чамалуу экенин билдиришкен. (NT)

XS
SM
MD
LG