Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:17

Кыйноолорду алдын алуу борбору кармалгандарга кире алган жок


Жапаровдун тарапкерлерин камакка алуу учуру.
Жапаровдун тарапкерлерин камакка алуу учуру.

Бул тууралуу Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун директору Нурдин Сулайманов "Азаттык" радиосуна билдирди. Ал 25-мартта Садыр Жапаровду колдоо митинги учурунда кармалгандар менен жолугуу үчүн бүгүн саат 13.00дө Бишкектин Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнө барган. Бирок, ага кармалгандар менен кездешүүгө уруксат берилген эмес. Кечки саат 19.00дө келүүсүн айтышкан.

ИИМ билдиргендей, митингде 105 адам кармалды. Алар коомдук тартипти бузганы үчүн "бейбаштык", "милиция кызматкерлерине кол көтөрүү", "мүлккө чыгым келтирүү" беренелери боюнча айыпталып, кылмыш иши козголгон. Бүгүн Биринчи Май райондук соту чогулган материалдардын негизинде алардын ишин карап, 64 кишини эки суткадан беш суткага чейин камакка алды. 12 киши айыппул төлөөгө милдеттендирилди. Эки митингчиге эскертүү берилип, калгандары сүйлөшүүлөрдөн кийин кое берилген. (NT)

XS
SM
MD
LG