Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:52

27-мартка аба ырайы: чукул билдирүү


Бишкек шаарындагы "Түштүк дарбаза" эс алуу жайына орнотулган эстелик.
Бишкек шаарындагы "Түштүк дарбаза" эс алуу жайына орнотулган эстелик.

Жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга, ошондой эле күндүн жылыганына байланыштуу ушул күндөрү Кыргызстандын тоолуу райондорунда, тоолуу жолдордо, ашууларда, капчыгайларда кар көчкү коркунучу бар. Жолдорго кар күрткүсү топтолот, тайгак болот. Айдоочулар унаалардын ортосунда 500 метр аралыкты сактоого тийиш.

27-мартта өлкө аймагында мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Батыштан шамал согуп, ылдамдыгы секундуна 4-9, айрым учурда 14 метрге жетиши ыктымал.

Абанын табы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +1...+6, күндүз +8...+13,

Талас жергесинде түнкүсүн 0...+5, күндүз +8...+13,

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн +3...+8, +11...+16,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -2...+3, күндүз +7...+12,

Нарын облусунда түнкүсүн 0...-5, күндүз+2...+7 градус болот.

Бишкекте мезгил-мезгили менен жамгыр жаайт. Түнкүсүн +3...+5, күндүз +10...+12 градус жылыйт.

XS
SM
MD
LG