Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:40

АКШ Минсктеги жапырт кармоолорду айыптады


Ишембиде оппозициянын акциясында полиция жүздөгөн адамды кармаган.
Ишембиде оппозициянын акциясында полиция жүздөгөн адамды кармаган.

Бул тууралуу АКШнын Беларусиядагы элчилигинин сайтында жарыяланды. Анда 25-марттагы Минск шаарында "Эркиндик күнүнө" арналган акция учурунда жапырт кармоолор сынга алынган. Беларус укук коргоо органдарынын аракети демократиялык баалуулуктарга каршы келери жазылган. Ошондой эле элчилик кечээ кармалган демонстранттарды бошотууга бийликти чакырды.

Ишембиде оппозициянын акциясында полиция жүздөгөн адамды кармады, арасында 20дан ашык журналист бар экени кабарланды. "Жаз" деп аталган укук коргоо борборунун кеңсесин тинтүү маалында 57 адам кармалган.

Акция "Эркиндик күнүнө" - 1918-жылдагы Беларус эл республикасынын түзүлгөн күнүн эскерүүгө арналган. Бул күн жыл сайын белгиленет, бирок быйыл “бекерпоздор салыгы” деп аталган мыйзамга каршы нааразылык акцияларына туш келди.​

XS
SM
MD
LG