Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:51

Дайынсыз жоголгон наристенин сөөгү табылды


20 күндөн бери изделип жаткан төрт жашар Лидия Кашкарованын сөөгү Ысык-Ата районунун Ивановка айылына жакын жердеги суудан табылды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Ивановка айылынын кичинекей тургуну, төрт жаштагы Лидия Кашкарова 7-марттан бери дайынсыз болуп жаткан болчу. Наристени издөө иштеринен натыйжа чыкпай, райондук милиция "адам уурдоо" беренесине ылайык кылмыш ишин козгогон.

XS
SM
MD
LG