Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:36

Орусияда антикоррупциялык митингдер өтүүдө


Күч кызматкерлери акциянын айрым катышуучуларын кармады.
Күч кызматкерлери акциянын айрым катышуучуларын кармады.

Орусиянын бир нече шаарында коррупцияга каршы акциялар өтүп жатат. Нааразылыктар Коррупцияга каршы күрөш фонду премьер-министр Дмитрий Медведевдин декларацияда жазылбаган мүлктөрү тууралуу иликтөөсүн жарыялагандан кийин күчөдү.

Москвада бийлик акцияга уруксат берүүдөн баш тарткан. Бирок оппозициячы Алексей Навальный өз тарапкерлерин жекшембиде Тверь көчөсүнө чыгып, сейилдөө форматында митинг өткөрүүгө чакырган.

Орус президенти Владимир Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков буга чейин Навальныйдын чакырыгын мыйзамсыз деп атаган. Оппозициячы болсо бийликтин тынч жыйын өткөрүүгө тыюу салуу укугу жоктугун билдирген, бүгүн митингде мыйзамсыз камалгандардын баарына укуктук жардам берүүнү убада кылган.

Акыркы маалыматтар боюнча Санкт-Петербургда Навальныйдын тарапкерлери уюштурган митинге өкмөткө каршы жазуулар үчүн эки адам кармалды. Марс талаасындагы акцияга үч миңге жакын адам келгенин "Бумага" басылмасы жазды. Ал эми "Эхо Москвы" радиосу митингчилердин саны 10 миңдей экенин кабарлады.

Алексей Навальный Твер көчөсүндөгү акция маалында кармалганын Коррупцияга каршы күрөшүү фондунун директору Роман Рубановго таянуу менен "Азаттыктын" орус кызматы билдирди.

Москвада митинг болуп жаткан жерде милиция көбөйүп, ондогон машинелер турганы маалымдалууда.

XS
SM
MD
LG