Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:12

Парламентте КТРКнын байкоочу кеңешине талапкерлер каралат


Жогорку Кеңеш.
Жогорку Кеңеш.

Маселени бүгүн, 27-мартта Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитети талкуулайт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.

КТРКнын учурдагы байкоочу кеӊешинин курамы 2012-жылы шайланган.

Мыйзамга ылайык, байкоочу кеӊештин жаӊы курамына талапкерлерди көрсөтүү, учурдагы кеңештин ыйгарым укуктары бүтөрүнө үч ай калганда жарыяланат.

КТРКнын Байкоочу кеӊеши 15 мүчөдөн туруп, беш жылга шайланат. Талапкерлерди президент, парламент жана жарандык коом сунуштайт. (NT)

XS
SM
MD
LG