Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:39

Пакистан Ооганстан менен чек арага тосмо курууну көздөөдө 


 Чамандагы пакистан-ооган чек арасындагы көзөмөл-өткөрүү пункту.
Чамандагы пакистан-ооган чек арасындагы көзөмөл-өткөрүү пункту.

Пакистандын бийлиги согушкерлер чабуул койгон Ооганстан менен чек ара аймактарына тосмо курула баштаганын билдирди. Пакистан армиясынын командачысы Камар Жавед Бажванын айтымында, тосмолор "коркунуч жогору болгон тилкелерге" орнотулат.

"Дюранд линиясы" деген аталыш менен белгилүү болгон ооган-пакистан чек арасынын узундугу 2400 чакырым.

Пакистан аны легитимдүү бөлүнгөн деп эсептесе, Ооганстан анын мыйзамдуулугун тааный элек. Ооганстандын Ички иштер бөлүмүнүн өкүлү бийлик азырынча курулушту байкай электигин, бирок мындай аракеттердин алдын алуу ниети бардыгын кабарлады.

Эки өлкө биргелешкен чек ара аймактарында согушкерлердин аракеттерине көңүл бурбай жатат деп бири-бирин байма-бай айыптап келишет.

Буга чейин жанкечтилердин бир нече жолку кол салуусунан кийин Пакистан Ооганстан менен чек арасын бир айга жапкан.

XS
SM
MD
LG