Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:46

Саратовдо коррупцияга каршы митингчилер дайынсыз болууда


Москвадагы коррупцияга каршы митинг.
Москвадагы коррупцияга каршы митинг.

Саратовдогу антикоррупциялык митингдин уюштуруучусу Сергей Рыжов акция маалында кармалып, Фрунзе райондук милиция бөлүмүнө жеткирилген. Ага уруксат берилбеген митингди уюштурду деген негизде административдик иш козголуп, Саратовдун Октябрь райондук сотуна өткөрүлгөн. Бирок активист райондук сотко барган эмес, анын кайда экени белгисиз болууда. Полиция бөлүмдө Рыжовдун жок экенин билдирген.

«Эркин жаңылыктар» агенттиги жазып чыккандай, активисттин энеси баласынын жоголгону тууралуу милицияга арыз жазды. Райондук милиция кызматкери Максим Зотов арызды кабыл алып, он күн ичинде жооп кайтарыла турганын айткан.

Рыжовдон тышкары митингде кармалган Навальныйдын облустагы штабынын координатору Элнур Байрамов менен активист Сергей Окуневдин кайсы жерде экени белгисиз экени маалымдалды. Райондук милицияда шаардык кеңеш депутаты Александр Онидалов жана коомдук палата мүчөсү Ольга Пицунова бар, алар полициядан кармалгандар тууралуу маалымат алууга умтулууда.

Мындан тышкары полиция бөлүмүнө журналист жана коомдук байкоочулар кеңешинин мүчөсү Александр Никишин жеткирилген, ал күч органдарына баш ийбеди деп айыпталууда.

Уюштуруучулардын айтымында, 26-мартта Саратовдогу коррупцияга каршы митингге үч миңге чукул адам келди. Акцияда мыйзам бузуу болгон эмес, бирок полиция уюштуруучулар менен активисттерди кармап кетти.

XS
SM
MD
LG