Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:14

Өзгөндө 34 үй-бүлө коопсуз жерге көчүрүлдү


Ничке-Сай айылы
Ничке-Сай айылы

Райондогу Зергер айыл аймагынын Ничке-Сай айылындагы кооптуу аймакта жашаган 34 үй-бүлө 25 чатырга көчүрүлдү. ӨКМден кабарлагандай, жашоочуларга айылдагы орто мектептин стадионуна куткаруучулар тарабынан чатырлар тигилди. Мындан башка 1-май айылына беш чатыр жөнөтүлүп, кооптуу аймакта жайгашкан беш турак жайдын жашоочулары жайгаштырылды.

Бүгүн таңкы саат алтыда Ош шаарындагы ӨКМдин бириккен кампасынан 20 даана гигиеналык каражаттар гумжардам катары Ничке-Сай айылына жөнөтүлдү.

26-мартта Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун Зергер айыл аймагында жер көчкү жүрүп, бир турак-жайды алты адам менен кошо басып калган.

Кооптуу абал жаралгандыктан кечээ издөө жана куткаруу иштери жер кургаганга чейин убактылуу токтотулган. (SDz)

XS
SM
MD
LG