Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:11

Президенттин үстүнөн жазылган арыз боюнча экспертиза дайындалды


“Ата Мекен” партиясынын юристтеринин президент Алмазбек Атамбаевдин айткандары боюнча доо арызын караган сотто филологиялык жана лингвистикалык экспертиза дайындалды. Аталган партиянын юристи Канатбек Азиздин “Азаттыкка” билдирүүсүндө, Бишкектин Биринчи Май райондук соту Атамбаевдин 6-марттагы “сасык партия” деп айткан сөзүнө так аныктама берүү үчүн бир ай аралыгында экспертизанын жыйынтыгын билүүнү сунуштады.

- Сот отрумунда президенттин “сасык партия” деп айтканы эки башкача түшүнүктө каралып жаткандыктан, Айтматов атындагы Улуттук илимдер академиясы филологиялык жана лингвистикалык экспертиза жасамай болду. Себеби сотто президенттин өкүлү “сасык” деген сөз мазактоо иретинде айтылган эмес деген жүйө келтирди, - деди Канатбек Азиз.

"Атамекенчилер" өлкө башчынын 6-мартта Ала-Арча резиденциясында мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземинде айткан сөзү үчүн сотко кайрылган. Ал жыйында Атамбаев "айрым сасык партиялар", "мародер" деген сөздөрдү колдонгон. "Ата Мекен" партиясы муну өз дарегине айтылды деп билдирип, сотко кайрылган. (SDz)

XS
SM
MD
LG