Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:50

ӨКМ: өлкө боюнча кооптуу тилкелердин саны 10 миңге жетет


2017-жыл башталгандан бери Кыргызстанда 126 өзгөчө кырдаал катталып, анын 93 пайызын кар көчкүлөр түздү. Мындан башка 14 жер көчкү жана сел катталган. Бул сан өткөн жылга салыштырмалуу дээрлик он эсеге көп. Бул тууралуу маалымат жыйында ӨКМдин чукул кырдаалар башкармалыгынын орун басары Азамат Мамбетов билдирди.

Ал Кыргызстанда өзгөчө кооптуу тилкелердин саны 10 миңге жетерин айтып, анын дээрлик жарымы калк жашаган пункттарга туура келерин кошумчалады.

- Он миң өзгөчө кооптуу аймактын ичинде жер көчкү, сел жүрүү тобокелдиги жогору турат. Жер көчкү түшчү аймактарда 5 миңге чукул үй-бүлө жашайт.

ӨКМдин өкүлчүлүгү айткандай, 2-апрелге чейин тоолуу автоунаа жолдорунда карды атып түшүрүү иштери токтобойт. Себеби, 2-апрелден баштап синоптиктер Кыргызстанда кар жаап, аба ырайынын температурасы төмөндөй турганын айтышууда. (SDz)

XS
SM
MD
LG