Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:52

Кадамжай: жол кырсыгына кабылган 15 аскер Ошко которулат


Баткендин Кадамжай районунда унаа кырсыгынан жабыркаган 29 аскердин алтоосунун абалы оор бойдон калууда. Алар ушул маалда райондук оорукананын реанимация бөлүмүндө жатканын “Азаттыктын” Баткендеги кабарчысы билдирди.

Бүгүн кырсыктаган 15 жоокерди Оштогу ооруканага которуу боюнча аракеттер жүрүүдө. Ооруканада бош орундар калбай калгандыктан жетекчилик жоокерлерди көчүрүү зарылдыгына токтолду. Калган он жоокер бир сыйра медициналык кароодон өткөндөн кийин ден соолугуна арызданган жок.

27-марттын кечинде Кадамжай районунун борборунда аскерлер түшкөн автоунаа кырсыкка кабылган. Машине Кадамжайдын кире беришиндеги курулуп жаткан үйдү сүзүп токтогон. Анын ичиндеги жоокерлер Оштон Баткен облусундагы аскердик бөлүктөрүнүн бирине машыгуу үчүн баратканы айтылган. (JsA\SDz)

XS
SM
MD
LG