Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:23

“Себат” мектептери "Сапат" болуп өзгөрдү


Кыргызстанда 1992-жылдан бери иштеп келе жаткан “Себат” билим берүү мекемеси “Сапат” деп өзгөртүлүп, анын негиздөөчүлөр курамына Билим берүү жана илим министрлиги да кирди. Бул маалыматты "Азаттык" үналгысына “Сапат” мекемесинен да тастыкташты. Анын атын өзгөртүү чечими мектептер өнүгүүнүн жаңы баскычына өтүп жатканына байланыштуу кабыл алынган. Ага ылайык, мектептин фирмалык стили, эн белгиси да өзгөрмөкчү.

Былтыр Түркияда мамлекеттик төңкөрүш аракети жасалып, бул үчүн түрк бийлиги бозгундагы оппозиционер Фетхуллах Гүленди айыптаган. Түрк жетекчилиги "Себат" окуу жайларын Гүлендин уюму көзөмөлдөйт деп, бир катар өлкөлөрдөн анын мектептерин жабуу сунушу менен кайрылган.

Кыргызстан бул окуу жайлар өлкөнүн билим берүү стандарттарына толук жооп берерин айтып, жабуудан баш тарткан.

«Себат» эл аралык уюмунун тутумуна Кыргызстандагы 16 лицей, "Ататүрк-Ала-Тоо" университети, Silk Road жеке мектеби жана бир нече мектеп, жатакана кирет. Окуучулардын жалпы саны 12 миңден ашат. "Ататүрк-Ала-Тоо" университетинде 2 миңдей студент билим алат. (SDz)

XS
SM
MD
LG