Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:47

УКМК 2010-жылдагы талап-тоноочулук боюнча ишти тергөөнү өзүнө алды


Башкы прокуратура 2010-жылдагы талап-тоноочулук боюнча иштерди жана документтерди УКМКга өткөрүп берди. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комиттин өкүлү Рахат Сулаймановдун “Азаттык” үналгысына билдиришинче, мындан ары ишти атайын кызматтын тергөөчүлөрү жүргүзөт:

- Учурда мародерчулук фактысы боюнча тергөө иши активдүү жүрүп жатат жана ыкчам тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Аталган кылмыш иши 2012-жылы Башкы прокуратура тарабынан козголгон. Анда Кылмыш жаза кодексинин "каракчылык", "автомобилди же башка автомототранспорт каражатын укукка жат түрдө ээлеп алуу", "кымбат баалуу металлдарды, табигый асыл таштарды мыйзамсыз жүгүртүү" жана "ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды уурдоо же опузалап талап кылуу” беренелери боюнча иш козголуп, тергөөнү ИИМдин башкы тергөө башкармалыгы жүргүзүп келген.

Буга чейин 2010-жылдагы талап-тоноочулук боюнча бир катар адамдардын, анын ичинде “Ата Мекен” партиясынын айрым мүчөлөрүнүн аттары аталган.

"Ата Мекендин" лидерлери айтылган фактыларды четке кагып, курулай жалаа экенин билдиришкен. (SDz)

XS
SM
MD
LG