Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:24

Казакстанда "өлкө кызыкчылыгына зыян келтиргендер" жоопко тартылат


Казакстандын баш калаасы Астана.
Казакстандын баш калаасы Астана.

Казакстанда өлкөнүн кызыкчылыктарына олуттуу зыян тийгизгендерди кылмыш жоопкерчилигине, атүгүл өлүм жазасына тартуу демилгеси каралууда. Казакстандын Юстиция министрлиги сунуштаган бул демилге тууралуу адвокат Жохар Утебеков Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Анын маалыматына ылайык, өлкөнүн Кылмыш-жаза кодексине “Казакстан Республикасынын маанилүү кызыкчылыктарына олуттуу зыян тийгизүү мамлекеттин жана коомдун туруктуу жашоосуна туудурган коркунучка барабар” деген жаңы берене киргизилүүдө.

Бул кылмышка барган адамды 15-20 жылга кесүү, өмүр бою эркинен ажыратуу же өлүм жазасына тартуу каралган. Бул тууралуу маалымат алгач министрликтин сайтында да жарыяланып, андан соң алып салынды. Азырынча парламенттин төмөнкү палатасынын депутаттары Кылмыш-жаза кодексине киргизиле турган бул өзгөртүүлөр боюнча комментарий берүүдөн баш тартышууда.

XS
SM
MD
LG