Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:00

"Карлос Шакал" үчүнчү ирет өмүр бою эркинен ажыратылды


"Карлос Шакал" деген лакап ат менен белгилүү эл аралык террорист.
"Карлос Шакал" деген лакап ат менен белгилүү эл аралык террорист.

Француз соту 28-мартта "Карлос Шакал" деген лакап ат менен белгилүү эл аралык террорист Ильич Рамирес Санчестти 42 жыл мурда Парижде жасалган чабуулга айыптуу деп таап, үчүнчү жолу өмүр бою эркинен ажыратты.

Карлос Шакал буга чейин 1975-жылы үч адамдын өлүмүнө айыпталса, кийинчерээк 1982-1983 жылдары Франциянын поезд, автобекеттерине чабуул койгону күнөөлөнүп, эки жолу өмүрүнүн аягына чейин абакка кесилген.

Андагы чабуулдардын жыйынтыгында 11 адам мерт кетип, 150дөйү жарадар болгон.

67 жаштагы Рамирес соттук териштирүү туура эмес жүргөнүн, аны француз коопсуздук кызматтарынын чайкоочулугуна кабылган күбөлөрдүн калп көрсөтмөлөрү аркылуу соттошконун билдирди.

Сот процессинин башталышында өзүн профессионалдуу революционер катары сүрөттөгөн Рамирес 1970-1980-жылдары марксистик идеяларды колдоп, Чыгыш Европанын өлкөлөрүн баш калка катары колдонуп келген.

XS
SM
MD
LG