Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:18

НАТО Украинага курал-жарак жеткирүүнү сунуштады


Орусия колдогон жикчилдерге каршы күрөшүү үчүн Украинага заманбап курал-жарак берүүнү НАТО күчтөрүнүн Европадагы башчысы, генерал Кертис Скапарротти сунуштады.

- Менин жеке пикиримде, коргонуу үчүн биз Украинага заманбап куралдарды жеткирүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгышыбыз зарыл, – деди Скапарротти АКШ Конгрессинин эл өкүлдөр палатасынын куралдуу күчтөр комитетинин жыйынында.

Мурдагы президент Барак Обаманын администрациясы Украинага бронежилет, түндө көрүү каражаттарын, кургак тамак-аш, дары-дармек жагынан жардам берген. Бирок Орусия тараптын согушту ырбатуу ыктымалдыгынан чочулап, Украинага танктарга каршы ракеталарды жеткирүү тууралуу Конгресстин чакырыктарына каршылык билдирген.

Конгрессте 28-мартта "Орусиянын ишмердүүлүгүнө жана Европадагы коопсуздукка аскердик баа берүү" деп аталган угуулар болду.

XS
SM
MD
LG