Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:54

Жогорку Кеңеште акыйкатчынын маалыматын угуу сунушталды


Жогорку Кеңеш
Жогорку Кеңеш

Жогорку Кеңештин бүгүнкү отурумунда Кыргызстандагы адам укуктарынын сакталышы боюнча абалды талкуулоо сунушталды. Демилгени “Ата Мекен” фракциясынын депутаттары көтөрүп, соңку учурда митингге чыккандарды камоо менен адам укугу бузулуп жатканын айтышты. Депутат Алмамбет Шыкмаматов митингде камалгандар менен акыйкатчы тыгыз иштешип жаткандыктан депутаттар да акыйкатчынын маалыматын угушу керектигин айтты.

- Азыркы заман эмес, убагында 1937-жылы Сталин “баласы атасы үчүн жооп бербейт” деп айткан экен. Бизде болсо Садыр Жапаровду камашты, бир туугандарын камашты, эми баласында эмне күнөө? Ошондуктан акыйкатчынын маалыматын угуп, баа берип койолу.

Депутат Дастан Бекешев акыйкатчы Кубат Оторбаевдин жылдык отчёту апрель айында угуларын, ошол учурда депутаттар адам укугу боюнча текши маалымат ала турганын кошумчалап, бүгүн акыйкатчынын маалыматын угуу зарылчылыгы жок экенин айтты.

Жогорку Кеңеш акыйкатчынын маалыматы угуу же укпоо боюнча чечим кабыл ала элек.

25-мартта парламенттин мурдагы депутаты Садыр Жапаровду колдоо митингинде кармалган 12 адамды Свердлов райондук соту эки айга №1 тергөө абагына камаган. Алардын арасында Жапаровдун баласы, агасы жана башка туугандары бар. Алардын бардыгына "бейбаштык", "бийлик өкүлүнө зомбулук көрсөтүү", "мүлккө чыгым келтирүү" беренелери боюнча кылмыш иши козголду. Мындан тышкары митингге катышкан 64 кишиге административдик айып салынып, эки суткадан беш суткага чейин камакка алынганын ИИМ маалымдаган. (SDz)

XS
SM
MD
LG