Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:00

Аида Касымалиева депутаттык ант берди


Аида Касымалиева
Аида Касымалиева

Жогорку Кеңештин бүгүнкү отурумунда КСДП фракциясына жаңы кошулган депутат Аида Касымалиева ант берди. Ал буга чейин өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы расмий өкүлү кызматына кеткен депутат Узарбек Жылкыбаевдин ордуна келди.

Мурдараак Касымалиева Жогорку Кеңешке келсе журналисттик ишмердүүлүгүндө активдүү чагылдырып келген аялдар укугу, жаштар саясаты, миграция көйгөйлөрүнө басым жасай турганын билдирген. (SDz)

XS
SM
MD
LG