Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:15

Текебаевдин тарапкерлери Жогорку Соттун алдына чогулууда


“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин баш коргоо чарасы Жогорку Сотто каралышына байланыштуу тарапташтары имараттын жанына чогула баштады. “Азаттыктын” кабарчысынын айтымында, милиция кызматкерлери соттун имаратын курчап, күчөтүлгөн көзөмөлгө алышты.

27-февралда Бишкектин Биринчи Май райондук соту “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевди эки айга тергөө абагына кармоо тууралуу чечим чыгарган. Ага ылайык оппозиция лидери 25-апрелге чейин УКМК абагында болот.

9-мартта шаардык сот биринчи инстанциянын өкүмүн күчүндө калтырган. 10-мартта “Ата Мекен” фракциясынын лидеринин адвокаты шаардык соттун чечимине макул болбой, доо арыз менен Жогорку Сотко кайрылган.

Башкы прокуратура Өмүрбек Текебаевге 2010-жылы орус жаранынан миллион доллар алган деген шек менен “коррупция” жана “алдамчылык” беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон. (SDz)

XS
SM
MD
LG