Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:34

Депутат түрмөдөгү “өзгөчө” камераларды жабууну сунуштады


Иллюстрация
Иллюстрация

Парламенттин бүгүнкү отурумунда түрмөдөгү абалды жакшыртууга байланыштуу айрым мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү учурунда депутат Дастан Бекешев “өзгөчө” камераларды жабууну сунуштады. Анын айтуусунда, түрмөдөгү абройлуу адамдар, шарты жакшы, ремонттолгон “өзгөчө” камераларда отурган фактылар бар.

- Жаргон сөз менен айтканда “блатной” камералар дагы деле бар. Өзгөчө уюшкан кылмыш тобунун мүчөлөрү жана лидерлери кандай камераларда отурарын баарыбыз билебиз. Андайларды жоюшубуз керек. Алар башкалар сыятуу эле кадимки камерада отурушу керек же кылмыштуу топтун мүчөлөрү үчүн Грузиянын системасындай өзүнчө түрмө куруш керек.

Ал эми ЖАМК жетекчиси Таалайбек Жапаровдун айтуусунда, түрмөлөрдө “өзгөчө” камера деген түшүнүк жок.

- Болгону кээ бир камералар оңдоп-түзөөдөн өтүп, адам шартына ылайыкташып оңдолуп жатат. Өзгөчөлүк мына ушунда эле. Анын үстүнө биз камераларды тез-тез текшерип, шарттардын бардыгын жойгонго аракет кылып жатабыз.

ЖАМК башчысы Бишкектеги №1 тергөө абагын башка жакка көчүрүү боюнча иш-чаралар өкмөттө каралып жатканын кошумчалап, ал үчүн тийиштүү каражаттын өлчөмү жана сунуштар өкмөткө берилгенин айтты.

Шаардык мэрия буга чейин азыркы СИЗО борбор калаанын ортосунда жайгашып калганын туура эмес көрүнүш деп, анын ордунда жол курулушу керектигин билдирген эле. (SDz)

XS
SM
MD
LG