Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:03

Аба ырайы: жамгыр жаайт


Ушул күндөрү тоолуу райондордо жана тоолуу жолдордо кар көчкү коркунучу бар. Жолдорго кар күрткүсү топтолот. Мындай абал 2-апрелге чейин сакталат. Айдоочулар унаалардын ортосунда 500 метр аралыкты сактоого тийиш.

30-мартта түнкүсүн жаан-чачын болбойт, эртең менен жана күндүз көпчүлүк аймактарда жамгыр, тоолуу райондордо кар жаайт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу болушу ыктымал. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын табы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +5...+10, күндүз +10...+15,

Талас жергесинде түнкүсүн +4...+9, күндүз +10...+15,

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн +7...+12, күндүз +10...+15,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 0...+5, күндүз +11...+16,

Нарын облусунда түнкүсүн -2...+3, күндүз +6...+11 градус болот.

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -11...-15, күндүз +2... +7 градус болот.

Бишкек шаарында күндүз мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Түнкүсүн +8…10, күндүз +12…14 градус жылуу болот.

XS
SM
MD
LG