Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:35

Акыйкатчы ИИМдин кабыл алуу-бөлүштүрүү жайына барды


Бишкектеги кабыл алуу-бөлүштүрүү жайы
Бишкектеги кабыл алуу-бөлүштүрүү жайы

Акыйкатчы Кубат Оторбаев 25-мартта Садыр Жапаровдун митингинде кармалып, шаардык кабыл алуу-бөлүштүрүү жайында камалгандардын абалы менен таанышты.

Омбудсмен билдиргендей, учурда бул жайда 74 адам кармалып турса, анын ичинен кыркка жакын адам Садыр Жапаровдун тарапкерлери. Кубат Оторбаев кармоодогулардын арасынан Садыр Жапаровдун уулу Ренат Жапаров менен жолуккан. Жапаров дарыгерлерге көрүнгөнүн билдирди.

- Ренат Жапаров кантип токмоктолуп, кыйналып жаткандыгы тууралуу видеосу чыккан. Аны кечээ ооруканага алып барып көргөзүшүп, дары жазып беришкен. Ал жерде кармалып тургандар эртең кечке жуук бошотулат.

Оторбаев шаардык кабыл алуу-бөлүштүрүү жайында жалпысынан 26 камера болгону менен, сегиз гана камера адамдарды кармоого ыңгайлуу болгондуктан, бир бөлмөдө 10-15тен адам кармалып жатканын айтты. "Бирок кармоодогулардын шартынын өтө начардыгы ал жактагы адамдар үчүн кыйноого барабар" деп кошумчалады.

25-мартта УКМК имаратынын алдындагы митингде милиция 105 адам кармалганын, алар коомдук тартипти бузганы үчүн "бейбаштык", "милиция кызматкерлерине кол көтөрүү", "мүлккө чыгым келтирүү" беренелери боюнча айыпталып, иш козголгонун жарыялаган.

Кармалгандардан 64 киши эки суткадан беш суткага чейин камакка алынса, калганына эскертүү берилип коё берилген. Ошондой эле 12 адамга кылмыш иши козголуп, эки айга тергөө абагына камакка алынды. (SDz)

XS
SM
MD
LG