Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:57

Мосулдагы адамдардын өлүмүнө коалициянын тиешеси болушу мүмкүн


Мосулда Ирактын күчтөрү урандыларды тазалап жатышат.
Мосулда Ирактын күчтөрү урандыларды тазалап жатышат.

Ирактын Мосул шаарында 17-мартта 150дөй адамдын өмүрүн алган кандуу калабага АКШ башында турган коалициянын тиешеси болушу мүмкүн. Бул тууралуу АКШнын Ирактагы башкы командачысы шаршембиде билдирди.

Буга чейин АКШнын бийлик өкүлдөрү 17-марттагы абадан чабуулдардын артында коалиция күчтөрү турганын моюнга алганы менен, жайкын тургундардын өлүмүн тиешеси жоктугун айткан.

Пентагондо өткөн брифингде генерал-лейтенант Стивен Таунсенд “алгачкы жыйынтыктарга караганда бул окуяга биздин да кандайдыр бир тиешебиз болушу мүмкүн” деди.

Бир күн мурда Улуттар Уюму Мосул шаарынын батыш бөлүгүн “Ислам мамлекети” террордук уюмунан тазалоо операциясы башталган бир айдан бери 300дөн ашуун жайкын тургун мүрт кеткенин билдирген. Уюмдун адам укуктары боюнча жогорку комиссары Зейд Раад ал-Хусейн Ирактын коопсуздук күчтөрүн жана алардын өнөктөштөрүн экстремисттердин калк жыш жайгашкан райондордогу тузактарына түшпөөгө чакырган.

XS
SM
MD
LG