Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:30

Брексит башталганы тууралуу катка кол коюлду


Британиянын Тереза Мэй Брекситтин расмий жараяндары башталганы тууралуу катка кол койду.
Британиянын Тереза Мэй Брекситтин расмий жараяндары башталганы тууралуу катка кол койду.

Британиянын премьер-министри Тереза Мэй Бириккен Падышачылыктын Евробиримдиктен бөлүнүүсүнүн расмий жараяндары башталган катка кол койду.

Тарыхый документти шаркеттеги Британиянын элчиси Тим Барроу 29-мартта Еврокеңештин президенти Дональд Тускка тапшырды.

Тогуз ай мурда британдыктар референдум аркылуу өлкөнүн Евробиримдиктен бөлүнүүсүн колдошкон.

- Биз азыр Британия үчүн абдан маанилүү учурдун алдында турабыз, мындан ары Европа менен өнөктөштүккө алып келе турган сүйлөшүүлөрдү баштайбыз. Биз мындан пайдаланып глобалдык Британияны курганга аракет кылабыз. Британия Европанын жакынкы досу жана союздашы бойдон кала берет, андан тышкары эски достор жана жаңы союздаштар менен жаңы мамилелерди курабыз.

Мэй Еврокеңештин президенти Дональд Туск, Еврокомиссиянын төрагасы Жан-Клод Юнкер жана Германиянын канцлери Ангела Меркель менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Туск катты алгандан кийин 48 сааттын ичинде сүйлөшүү долбоорун биримдикке мүчө 27 мамлекеттин жетекчилигине жөнөтөт.

29-апрелде Евробиримдиктин лидерлеринин саммити өтөт. Ага Британия катышпайт. Жыйында лидерлер Брексит боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоого Еврокомиссияга мандат беришери күтүлүүдө. Андан соң гана Еврокомиссия май-июнь айларында башталчу сүйлөшүүлөрдүн болжолдуу планын сунуштайт.

XS
SM
MD
LG