Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:02

Израилде иштетилген таштандыдан отун жасап чыгарган завод ишке кирди


Иллюстративдик сүрөт.
Иллюстративдик сүрөт.

Израилдин башкалаасы Тель-Авивде иштетилген таштандыдан күйүүчү отун чыгарган завод иштеп баштады. Чыгарылган күйүүчү каражат Нешердеги цемент өндүргөн ишканада кокстун ордуна колдонулат.

Бул завод күнүнө 1500 тонна таштанды иштетип чыгарат. Жылына жарым миллион тонна таштандыны күйүүчү майга айлантуу болжолдонууда.

Тель-Авивдин мэринин орун басары Дорон Сапир:​

- Бул обьектте 1,5 миллиондой адамдан чыккан таштанды иштетилет. Бул жакта негизинен суюк эмес материалдар күйүүчү майга айланат, - деди.

Эксперттердин эсебинде, суткасына завод 500 тонна күйүүчү отун чыгарат. Ал эми заводдун курулушуна кеткен 110 миллион доллар каражат беш жылдын ичинде акталат деп күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG