Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:52

Өкмөт башчы “Ак кула” ат майданын оңдоону тездетүүнү тапшырды


"Ак кула" ат майданы, 21-март, 2017-жыл
"Ак кула" ат майданы, 21-март, 2017-жыл

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков “Ак кула” ипподромунун абалы менен таанышып, ат майданды оңдоо жана жаңылоо ишин тездетүүнү тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн расмий сайтына жазылды.

Жээнбеков Нооруз майрамында өткөн ат оюндары ипподромдогу көйгөйлүү маселелерди ачыкка чыгарганын айтты. Премьер-министр Дене тарбия жана спорт агенттигине ипподромдун аянтындагы сот иштеринин жагдайларын иликтеп, сунуштарды киргизүү тапшырмасын берди.

Мэриянын муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы Султан Өмүров “Ак куланын” турак жай комплекси мэрияга карай турганын айтып, акыркы соттун чечимдерин маалымдады.

21-мартта ат майдандагы улуттук спорт оюндары учурунда ипподромго адам батпай, сахна жана көк бөрү аянтына чейин адамдар чыгып кеткени социалдык түйүндөрдө талкууланган. (SDz)

XS
SM
MD
LG