Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:01

Өзгөн: көчкү баскан жерде эки адамдын сөөгү табылды


Өзгөн районундагы Зергер айыл аймагынын Ничке-Сай айылында жер көчкү басып калган адамдарды издөө иштери жанданды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, бүгүн 13:30да башталган издөө иштеринин натыйжасында эки адамдын сөөгү табылды. Маркумдардын тек жайы тактала элек.

26-мартта Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун Зергер айыл аймагында жер көчкү жүрүп, алты адам жашаган үйдү басып калган.

Көчкү түшкөн аймакта кооптуу абал жаралгандыктан кечээ издөө жана куткаруу иштери жер кургаганга чейин убактылуу токтотулган. (SDz)

XS
SM
MD
LG