Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:21

Иса Төлөгөнов УКМК агасын көрсөтмө берүүгө мажбурлап жатканын айтты


Иса Төлөгөнов
Иса Төлөгөнов

Экс-депутат Райкан Төлөгөновдун баласы Иса Төлөгөнов УКМК кызматкерлери анын талап-тоноочулук боюнча беш жыл мурда соттолгон агасы Муса Төлөгөновду опузалап, жалган көрсөтмө берүүгө мажбурлап жатат деп эсептейт. Анын бүгүн Бишкектеги маалымат жыйынында айтканына караганда, кечээ Райкан Төлөгөновду УКМК кармап кеткен соң, анын түрмөдөгү баласынан мародерчулук иши боюнча Өмүрбек Текебаев жана Болот Шерге каршы көрсөтмө берүүнү талап кылышкан:

- Анткени аларга менин атам эмес, Текебаев менен Болот Шер керек экенин, мындай көрсөтмө берсе, атамды бошотоорун айтышыптыр. Мен агам мындай көрсөтмө берди го деп ойлойм, анткени ал талапты аткарарын кыйыткан.

"Ата Мекен" партиясынын өкүлдөрү бүгүн Бишкекте маалымат жыйынын өткөрүшкөн. Атайын кызматтын басма сөз өкүлү Рахмат Сулайманов алардын билдирүүлөрүн "кылмыш жоопкерчилигинен качуу жана окуяны саясий өңүткө буруу аракети" деп баалады. Ошондой эле "Ата Мекен" партиясынын мүчөлөрүнүн мародерчулукка тиешеси бардыгы тууралуу жаңы далилдер алынганын белгиледи.​

УКМК Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын мурдагы депутаты Райкан Төлөгөновду 28-мартта камакка алган. Ал 2010-жылы апрель окуяларындагы талап-тоноочулук боюнча айыпталып жатат. УКМКнын билдирүүсүндө тергөөнүн алкагында Төлөгөнов, Кылмыш-жаза кодексинин 30-беренесинин 4-бөлүгү (кылмыш жасоону уюштурган же аны аткарууну жетектеген, уюмдашкан топту же кылмыштуу шериктикти түзгөн же болбосо аларды жетектеген), 167-берене (тоноону уюштурган), 174-берене (мүлктү атайылап жок кылуу же зыянга учуратууну уюштурган) жана 241-берене (ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу, берүү, өткөрүү, сактоо, ташуу же алып жүрүү) боюнча айыпталып жатат. (SDz)

XS
SM
MD
LG