Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:52

Британиянын Брексит боюнча каты Еврокеңешке жетти


Еврошаркеттеги Британиянын элчиси Тим Барроу катты Еврокеңештин төрагасы Дональд Тускка тапшырды.
Еврошаркеттеги Британиянын элчиси Тим Барроу катты Еврокеңештин төрагасы Дональд Тускка тапшырды.

Бириккен Падышачылыктын Евробиримдиктен чыгуу боюнча расмий жараяндарынын башталышы тууралуу 29-мартта Британиянын премьер-министри Тереза Мэй кол койгон кат Еврокеңешке жетти. Катты шаркеттеги Британиянын өкүлү Тим Барроу Еврокеңештин президенти Дональд Тусктун колуна берди.

- Лондондо да, Брюсселде да бул бактылуу күн деп кубанымыш болуунун кереги жок. Европалыктардын көпчүлүгү жана бөлүнүүгө каршы добуш берген британдыктардын жарымы биздин бирге калуубузду каалашкан, - деди Туск катты алгандан кийин жасаган билдирүүсүндө.

Алты барактан турган катында премьер-министр Тереза Мэй Британия Евробиримдиктин мындан ары өнүгө берүүсүн кааларын жазган.

- Биз Евробиримдиктен чыкканыбыз менен Европадан эч жака кете албайбыз. Ошол себептен континенттеги бардык досторубуз менен өнөктөш жана союздаш бойдон калууну көздөйбүз, - деп жазылган катта.

Туск катты алгандан кийин 48 сааттын ичинде сүйлөшүү долбоорун биримдикке мүчө 27 мамлекеттин жетекчилигине жөнөтөт.

29-апрелде Евробиримдиктин лидерлеринин саммити өтөт. Ага Британия катышпайт. Жыйында лидерлер Брексит боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоого Еврокомиссияга мандат беришери күтүлүүдө. Андан соң гана Еврокомиссия май-июнь айларында башталчу сүйлөшүүлөрдүн болжолдуу планын сунуштайт.

XS
SM
MD
LG