Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:14

Боб Дилан Нобел сыйлыгын алуу үчүн Стокгольмго барат


Америкалык ырчы Боб Дилан.
Америкалык ырчы Боб Дилан.

Америкалык ырчы Боб Дилан Швециянын башкалаасы Стокгольмдо адабият боюнча Нобел сыйлыгын алат.

"Сыйлык тапшыруу аземи өтө чакан топтун катышуусунда өтөт. Маалымат каражаттары чакырылбайт. Диландын калоосу менен ал өзү жана Академиянын өкүлдөрү гана катышат" - деди Академиянын туруктуу катчысы Сара Даниус 29-мартта тараткан билдирүүсүндө.

Иш-чара Диландын 1-2-апрелде Стокгольмдо өтчү концерттеринин маалына туштап уюштурулду.

Музыка тарыхында "Битлзден" кийинки эле экинчи орунда аталып жүргөн Дилан өзү аткарган ырлардын музыкасын гана эмес, сөздөрүн да жазат.

Ал өткөн жылы Нобель сыйлыгынын 2016-жылдагы бардык лауреаттарын сыйлоо аземине баруудан баш тарткан.

XS
SM
MD
LG