Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:38

Гройсман Коррупцияга каршы күрөшкөн кызматкерлерди сындады


Украинанын премьер-министри Володимир Гройсман.
Украинанын премьер-министри Володимир Гройсман.

Украинанын премьер-министри Володимир Гройсман Коррупцияга каршы күрөш агенттигинин кызматкерлерин иштен кетүүгө чакырды. Буга агенттиктин веб-сайтындагы утур-утур пайда болгон техникалык мүчүлүштүктөр себеп болду. Ал сайтта мамлекеттик кызматкерлер электрондук түрдө өз активдерин жарыялашат.

29-мартта жасаган билдирүүсүндө Гройсман Коррупцияга каршы күрөш агенттигинин кызматкерлеринин сайтты башкаруудагы алешемдиктеринен улам жүз миңдеген адам өз убагында декларацияны тапшырбаганы үчүн жазага тартылып калышы мүмкүн.

Көптөгөн мамлекеттик кызматкерлер техникалык маселелерден улам 31-мартка чейин өз кирешелерин жана активдерин электрондук түрдө тапшыра албай калышканына арызданышкан.

“Маселен, мен өзүм да тапшыра алган жокмун” - деди Гройсман.

Паракорчулукка каршы күрөштүн алкагында Украина жаңы эреже киргизген. Ага ылайык, жогорку даражадагы бардык аткаминерлер өз кирешелерин жана активдерин атайын электрондук базага илиши зарыл.

Коррупцияга каршы күрөш агенттиги билдиргендей, веб-сайт 2016-жылдын октябрь айында иштеп баштагандан бери 100 миңден ашуун документ түшкөн.

Айрымдар миллиондогон долларларын накталай көрсөтүшсө, башкалары кымбат баалуу автоунаалары, үй-мүлктөрү бардыгын жашырышкан эмес.

XS
SM
MD
LG