Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:58

Лондон соту Украинанын Орусияга карызы боюнча ишти кароону тездетет


Украиананын мурдагы президенти Виктор Янукович.
Украиананын мурдагы президенти Виктор Янукович.

Лондондун Жогорку соту Орусиянын Украинадан үч миллиард долларлык карызын өндүрүү боюнча жазган арызын кароону тездетет. Мындай чечимди 29-мартта сотко чейинки угуулардын жүрүшүндө судья Уильям Блэр чыгарды.

Судьянын билдирүүсүнө караганда, Киев азырынча олуттуу далилдерди келтире албагандыктан иш сотко өткөрүлөт.

Киев доо арыз менен кайрыла аларын журналисттерге Украинанын каржы министри Александр Данилюк билдирди.

Орусия 2014-жылы ошол кездеги президент Виктор Януковичтин өкмөтүнө насыя берген. Украина бул акчаны Януковичке евроинтергациядан баш тартканы үчүн берилген саясий пара деп санайт.

Киев сотто кредит Орусиянын басымы менен алынганын, Януковичтин өкмөтү бул кредит менен бюджет боюнча мыйзамды бузганын билдирди.

Орусиянын соттогу адвокаты Марк Ховард билдиргендей, 2015-жылга чейин Украинанын жаңы бийлиги бул карызды мойнуна алып эле, ал тургай үстөк пайыздарын да төлөп келген.

Насыяны төлөп бүтүү мөөнөтү 2015-жылдын 31-декабрында аяктамак. Андан бир аз мурда Украинанын өкмөтү карызды төлөөгө мораторий жарыялаган.

Орусия Лондондун Жогорку сотуна 2016-жылдын февраль айында арыз менен кайрылып, Украина тараптын үч миллиард доллар карызды жана 75 миллион доллар үстөк пайызы менен кошо төлөп берүүсүн талап кылган.

XS
SM
MD
LG