Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:45

Украиналык режиссер америкалык ПЕН борборунун сыйлыгына татыды


Олег Сенцов.
Олег Сенцов.

Украиналык режиссер Олег Сенцов Америкалык ПЕН борборунун 1987-жылдан бери тапшырылып келе жаткан Жазуу эркиндиги сыйлыгына татыды. Крымда төрөлүп өскөн Сенцов 2014-жылы Орусиянын Крымды аннексиялап алышына каршы чыккан. Террорчулукка айыпталып 20 жылга кесилген Сенцов учурда абакта жаза мөөнөтүн өтөп жатат. Укук коргоочулар ал саясаттын курмандыгы болгон деп айтып келишет.

Сенцов 2014-жылдын май айында Крымдагы орусиячыл уюмдарды жардырууну көздөп жаткан деген шек менен камакка алынган. Ошол эле жылдын августунда Орусиянын соту аны террорчулукка айыптуу деп таап, 20 жылга эркинен ажыраткан.

Сенцов ага каршы коюлган айыптардын бардыгын четке кагып келет.

ПЕН борбордун билдирүүсүндө Сенцов өзүнүн кыска метраждуу тасмалары жана “Геймер” деп аталган толук метраждуу фильми менен таанымал. Ал дал ушул тасмасы менен 2012-жылы Роттердамдагы эл аралык кинофестивалга катышкан.

1987-жылдан бери Америкалык ПЕН борбору Жазуу эркиндиги сыйлыгы менен дүйнө жүзү боюнча 50дөй жазуучуну сыйлаган.

XS
SM
MD
LG