Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:14

Иракта теракт курмандыктарынын саны он бешке жетти


Иракта 29-мартта жанкечтинин чабуулунан курман болгондордун саны он бешке жетти. Багдаддагы көзөмөл өткөрмө-пункттагы жардыруудан 45 адам жараат алды.

Ирак бийлигинин маалыматы боюнча, жанкечти күйүүчү май ташыган автоунааны жардырган.

Набыт кеткендердин кеминде үчөө полициячы, калганы жай тургундар. Теракт үчүн эч ким жоопкерчилик ала элек.

XS
SM
MD
LG