Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:42

Сузак: кооптуу аймакта жашаган сегиз үй-бүлө күчтөп көчүрүлөт


Жалал-Абад облустук сотунан “Азаттык” радиосуна билдиришкендей, Сузак району боюнча 80 үй-бүлөнү көчүрүү зарылдыгы тууралуу доо арыз түштү.

Кызыл-Туу жана Кыз-Көл айыл өкмөттөрү көчкү коркунучунда турган жерлерден көчпөй жаткан жарандардын үстүнөн сотко кайрылган.

Сот Кызыл-Туу айылындагы 50дөй үй-бүлөнүн 21и боюнча арызды канааттандырган жок, сегизин күчтөп көчүрүү өкүмүн чыгарды. Калганы соттун кароосунда. Райондо жыл башынан бери 20 жолу жер көчүп, 300гө жакын үй-бүлө коопсуз аймактарга көчүрүлгөн. Азыр опурталдуу жерлерде жашаган бүлөлөрдүн саны миңден ашат. (RsK)

XS
SM
MD
LG