Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:15

Польша Украинадагы консулдуктарынын ишин убактылуу токтотту


Луцк шаарындагы Польшанын башкы консулдугунун имараты.
Луцк шаарындагы Польшанын башкы консулдугунун имараты.

Мындай чечим 29-мартта Украинанын Луцк шаарындагы консулдукка граната ташталгандан кийин кабыл алынды.

Украина президенти Петро Порошенко жана Польша лидери Анжей Дуда кол салууну айыптап чыгышты.

Украинанын атайын кызматы окуяны "Орусияга гана пайдалуу болгон Польшага карата чагымдын бир бөлүгү" катары мүнөздөштү. Өлкө президентинин маалымат катчысы социалдык тармактарда орусиялык чагымчылар Польшанын президентинин атына жамынып Порошенкону телефондон ойнотуп көргөнүн айтышты.

Украина менен Польшанын алакасы Экинчи Дүйнөлүк согушка арналган эстеликтер бир нече жолу талкалагандан кийин солгундай түшкөн.

Бирок Польша Украинанын Евробиримдикке жакындоосун колдогон. Бул өлкөгө тийиштүү Крым жарым аралын Орусиянын аннексиялап алышын да айыптап келет.

XS
SM
MD
LG