Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:55

Сулейманов: Карамушкина бизди уят кылды


Ирина Карамушкина
Ирина Карамушкина

Жогорку Кеңештин депутаты Бахадыр Сулейманов бүгүнкү жыйында КСДП өкүлү Ирина Карамушкинанын айткан сөздөрүнө тынчсыздануусун билдирди. Сулейманов Санкт-Петербургдагы КМШ өлкөлөрүнүн парламенттер аралык ассамблеясынын жыйынында Ирина Кармушкина Кыргызстандын эл аралык аянттагы аброюна шек келтирип, өлкө светтик турмуштан кайтып, диний өлкө болуп баратканын айтканы чындыкка дал келбесине токтолду:

- Санкт-Петербургда депутат Карамушкина өзүн Кыргызстанда жападан жалгыз орус тилин коргогон укук коргоочу катары сыпаттап, жада калса парламентте аны эч ким коргобой, орус тили кодуланып жатканын айтты. Чындыгында орус тилинин статусу Конституцияда белгиленип, ал гана эмес президент Атамбаевдин билдирүүлөрү эки тилде жүрүп жатканын айтуу керек. Мындан башка парламентте депутаттардын орус тилде сүйлөөсүнө эч ким жолтоо болгон жок, - деди Сулейманов.

Өз кезегинде депутат Ирина Карамушкина Санкт-Петербургда айткан сөздөрүнө укуктук баа берүү үчүн УКМКга кайрыла турганын билдирди. Ал жыйында Кыргызстандын алыскы аймактарында орус тили боюнча мугалимдер жетишсиз болуп жатканы чындык деп, эч кимди шылдыңдап, абийирине шек келтирбегенин кошумчалады.

Депутат Карамушкина кимдир бирөөлөр анын сөзүн бурмалап, саясий упай топтоп жатканын кошумчалады.

28-мартта Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети КСДП фракциясынын депутаты Ирина Карамушкинанын Орусияда сүйлөгөн сөзү боюнча билдирүү кабыл алып, КСДП фракциясы анын жүрүм-турумуна моралдык баа берет деген ишенимин билдирген. (SDz)

XS
SM
MD
LG