Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:36

Акыйкатчы: бийлик менен жарандык коомдун ажырымы тереңдеп баратат


Кубат Оторбаев
Кубат Оторбаев

“Жарандык активисттер тарабынан нааразычылыктар арбып, багыты башка ой жүгүрткөндөрдүн камакка алынышы, көз карандысыз ММКларга карата миллиондогон соттук териштирүүлөр өлкөдө жаңы саясий доордун башталышынан кабар берип калды”, – деген пикирин акыйкатчы Кубат Оторбаев айтты.

Омбудсмен бүгүн “Сөз эркиндиги жана тынчтык митингдеги укуктар” деп аталган тегерек үстөлдө сүйлөп жатып, бийлик менен жарандык коомдун ажырымы барган сайын тереңдеп баратканына токтолду.

- Бийлик менен коомдун анын ичинде оппоненттер ортосунда дагы консенсуска келүү зарылчылыгы бар. Өзгөчө бийликтин оппоненттерине болгон айыптар мыйзам негизинде алынган, четке кагылгыс, салмактуу далилдер менен бекемделиши талапка ылайык болушу керек. Тилекке каршы, иликтөө жана сот процесстеринде моюнга алдыруунун куралы катары кыйноолор, атайын жасалма бут тосуу, талап-тоноочулук, коркутуулар дагы деле колдонулуп жатат.

18-мартта Бишкекте сөз эркиндигин колдоо жүрүшүнө чыккандардын арасында беш активист милиция тарабынан кармалып, беш күнгө камакка алынган. Ал эми 25-мартта саясатчы Садыр Жапаровду колдогон митингде милиция 60тан ашуун кишини кармап кеткен. Мурдараак Башкы прокуратура бир катар көз карандысыз маалымат каражаттарын президенттин аброюна шек келтиргени үчүн сотко берген. (SDz)

XS
SM
MD
LG