Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:28

Абдылда Капаров тергөө аяктагыча абакта калды


Абдылда Капаров
Абдылда Капаров

25-мартта кармалган Абдылда Капаров тергөө аяктагыча камакта болот. Мынчай чечимди Ош шаардык соту кабыл алды. Бул тууралуу Ош шаардык жана Ош облустук сотунун маалымат катчысы Бекзат Осмонкулов “Азаттыкка” кабарлады.

Бул арада Капаровдун жакындары аны коргоо комитетин түзүштү. Алар азырынча кандай акцияларды өткөрөрүн жарыялаша элек.

Буга чейин айтылгандай, Капаров мурда козголгон кылмыш ишинин алкагында сотко бир нече чакыруу келсе да барбай койгон. Соңку 24-марттагы соттук кароого дагы катышкан эмес. Капаров ошондой эле соттун жашаган жеринен кетпөө чечимин бузуп, Бишкек шаарына жана Жалал-Абад аймактарына чыгып жүргөн. Мына ушул жагдайларды эске алып, сот анын баш коргоо чарасын өзгөрткөн.

Капаровго прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 297-329-338-беренеси менен кылмыш иши козголгон. Мындан сырткары Улуттук коопсуздук комитети тарабынан дагы 299-беренеси (конституциялык түзүлүшкө шек келтирүү) менен кылмыш иши козголуп, тергелип жаткан.

Абдылда Капаров 2010-жылы коогалаң учурунда Ош облустук ички иштер башкармалыгын жетектеген. Кийин Ошто Камчыбек Ташиевди, Акматбек Келдибековду жана Мелис Мырзакматовду колдоо митингдерине катышып жүргөн. Ош шаарындагы митингдерде ал тургай президент Алмазбек Атамбаевдин сүрөтүн да өрттөп жиберген. Акыркы мезгилдери парламент депутаты Өмүрбек Текебаевди колдоо акцияларын уюштуруп жүргөн. (ErN)

Ошто Абдылда Капаров 48 саатка камалды
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:11 0:00

XS
SM
MD
LG