Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:20

Акыйкатчы бийликти каршылаштарын сыйлоого чакырды


Кубат Оторбаев
Кубат Оторбаев

Бишкектеги “сөз эркиндиги жана тынчтык митингдеги укуктар” деп аталган тегерек үстөлдө акыйкатчы Кубат Оторбаев өлкөдө демократия жаатындагы жетишкендиктерибиз жоголуу коркунучунда турганын айтып, тынчсыздануусун билдирди.

Ал эгемен өлкө УКМКнын убактылуу кармоочу жайынын бир чоң камерасына айланышына каршы экенин, эркин ММКларды сотко берүүдө бийлик кош стандарттулукту карманып жатканын кошумчалады.

- “Азаттык”, “Заноза”, “24.kg" жана "Клооп" басылмаларынын журналисттерин жоопкерчиликке тарткыбыз келсе, башка буйрутма, каралоо материалдарын жайылтып жаткан негизги массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнүн дагы жоопкерчиликке тартылышын карашыбыз керек деген пикирдемин. Мен мамлекеттик телеканалдардын жетекчилерин альтернативдик пикирлерге дагы аянтча берүүгө чакырам.

Акыйкатчы ошондой эле сот органдарына кайрылып, айрым ММКлардын банктык эсептеринин камакка алынышын кайра карап чыгууга чакырды.

14-мартта Бишкек шаарынын Ленин райондук соту "Азаттык медиа" мекемеси менен "ПроМедиа" коомдук фондунун (Zanoza.kg сайты) банктык эсептерин камакка алган. (SDz)

XS
SM
MD
LG