Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:47

Көк бөрү: Ысык-Көл мыктыларын аныктоодо


Жети-Өгүз районунун Саруу айылында "Мамажан ата" кубогуна арналган облустук деңгээлде көк бөрү оюну өтүп жатат. Бул оюнга облустун беш районунан келген 12 тайпа күч сынашууда. Бүгүн башталган оюн эки күнгө уланат.

Биринчи орунду алгандар облус мыктысынан тышкары автоунаага ээ болушса, экинчиге 30 миң сом, үчүнчү орун алган командага 20 миң сом берилет. Байге фондун Саруу айылынын тургундары чогулткан.

Оюн эртең аяктап, байгелер тапшырылат.(AsM)

XS
SM
MD
LG