Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:43

АКШ менен Кытай лидерлери кийинки аптада жолугат


Кытайдын лидери Си Цзинпин.
Кытайдын лидери Си Цзинпин.

Кытай лидери Си Цзинпин кийинки аптада АКШнын Флорида штатында Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп менен жолугат. Бул тууралуу Кытайдын Тышкы иштер министрлиги 30-мартта билдирди.

Маалыматка караганда, президенттердин алгачкы жолугушуусу Си Цзинпиндин Финляндияга жасаган мамлекеттик сапарынан кийин 6-7-апрель күндөрү Флоридада өтөт.

Дональд Трамп 20-январда президенттикке киришкенден кийин дүйнөнүн эки ири экономикасынын келечек алакалары бүдөмүк болуп келген.

Президенттик шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө Трамп Бээжинди адилетсиз соода саясатын жүргүзүп жаткандыгын айыптап, Түштүк-Кытай деңизинде аралдарды курганын сынга алган.

Ал тапта Бээжин Вашингтондун Түштүк Кореяга коргонуу системасын жайгаштыруу чечимин кескин сынга алган. Ага карабастан ушул айдын башында АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон Бээжинде Кытай лидери Си Цзинпин менен жолугуп, эки тарап тең ортодогу пикир келишпестикти четке кагышып, тыгыз кызматташууга дилгирлигин ишара кылышкан.

XS
SM
MD
LG