Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:53

Дача СУ: кенемте төлөөдөгү айырмачылык


Кырсыктан кийин, 16-январь, 2017-жыл
Кырсыктан кийин, 16-январь, 2017-жыл

Тараптар Дача СУга кулаган учактын кесепетинен келтирилген материалдык жана моралдык зыянды тактоого киришти. 30-мартта өкмөт түркиялык АСТ компаниясы 600 миң доллар кенемте которгонун маалымдады.

Кырсыктын кесепеттерин жоюу боюнча биринчи вице-премьер-министр Мухамбеткалый Абулгазиев жетектеген өкмөттүк комиссия менен кулаган учактын ээси түркиялык ACT компаниясынын камсыздандыруу өкүлчүлүгү 29-мартта жолугуп, кенемтени эсептеп чыгуу маселеси талкууланган.

Буга чейин өкмөттүк комиссия Дача СУдагы келтирилген материалдык чыгымды 195 миллион сом, же болбосо 3 миллион доллар деп эсептеп чыккан. Бирок түркиялык тараптын камсыздандыруу компаниясы жалдаган аудитордук мекеме авиакырсыктын кесепетинен келтирилген материалдык чыгымды жыйырма эсе аз өлчөмдө эсептеп, өкмөткө сунуштаганы белгилүү болду.

Транспорт жана коммуникация министри Жамшитбек Калилов өкмөт буга макул болбогонун айтып, сүйлөшүүлөрдө кыргыз тарап өзүнүн чыгарган эсебин негиздеп бергенин ырастады.

Аудиторлордун корутундусу четке кагылды

Дача-СУдагы авиакырсыктын кесепеттерин жоюу боюнча өкмөттүк комиссиянын жыйынына ACT аба жолдорун камсыздандырган компаниянын өкүлдөрү да катышкан. Анда өкмөттүк комиссия келтирилген материалдык зыянды төлөөнү тездетүүнү талап кылган.

Учак кырсыгы: чечиле элек компенсация

Учак кырсыгы: чечиле элек компенсация

Учак кулап түшкөн Дача конушунун тургундары кыйроонун кесепеттерин жоюу жана аларды коопсуз жайга көчүрүү маселеси боюнча президент Алмазбек Атамбаев менен жолугушууну суранышууда.

Буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги келтирилген материалдык зыянды 195 миллион сомго же болбосо 3 миллион АКШ долларына баалаган. Кыйраган учакты камсыздандырган компания аудитордук мекемени жалдап, чыгымдардын эсебин текшерткен. Ал компания материалдык зыянды карап чыгып, 115 миң АКШ долларына барабар деп эсептеп корутунду чыгарганын "Азаттыктын" ишенимдүү булактары билдиришти.

Транспорт министри Жамшитбек Калилов кыргыз тарап аудитордук мекеменин корутундусун четке какканын билдирди:

- Түркиялык авиакомпанияны камсыздандырган тарап жалдаган аудитордук мекеме өзүнүн эсебин чыгарган экен. Биз ага макул болгон жокпуз. Биз ал аудитордук компаниянын максатын билип калдык. Анткени анын камсыздандыруу компаниясы менен келишим түзгөн экен. Ал биз тараптын чыгымын канчалык кыскарткан болсо, ошончо көбүрөөк бонус төлөнөт болушу керек. Азыр биз чыгымдарды кайрадан эки тараптуу эсептөөгө киришип жатабыз. Биз берген эсепте ашыкча көрсөтүлгөн чыгым жок экенин негиздеп бердик.

Орток пикир табуу оңой эмес

Расмий маалымат боюнча Дача СУ конушунда 19 үй түп орду менен бузулуп, жети үй жараксыз абалга келген. Ошондой эле 12 үй жарым-жартылай кыйраган. Мындан сырткары чарбалык курулуштар, мал-жанга кесепети тийип, автоунаалар талкаланган. Анан да энергетика тармагы жабыркап, аэронавигациянын жана аэропорттун мүлкү зыянга учураган. Кырсыктын кесепеттерин жоюуга кеткен чыгымдар да эсептелген.

Дача СУ конушунун тургуну Айнагүл Үсөнова азыр тизмеге кирбеген айрым үйлөрдө жарака пайда болуп жатканын айтты:

- Кечээ күнү ошол жердеги үйлөргө кирип көрсөк, алардын шыптары ылдый түшөйүн деп калгандары бар экен. Күн жылый баштаганда дубалдар деле урап түшүп калчудай абалда турат. Анткени үйлөрдүн жаракалары эми көрүнө баштады. Ошондуктан өкмөт бул үйлөрдү дагы бир сыйра текшертип чыкпаса болбойт. Жүк ташуучу учактар учуп өткөндө үйлөрдүн дубалдарында жаракалар пайда болот окшойт.

Ошондой эле жыйында кырсыктан каза тапкандардын жакындарына моралдык зыянды төлөп берүү маселеси козголгон. Түркия менен Кыргызстан компенсацияны төлөөнү жөнгө салуу боюнча эки башка эл аралык конвенциялардын мүчөлөрү болгондуктан орток пикирди табуу орчундуу маселе экени айтылды.

Кенемте кантип аныкталат?

Министр Жамшитбек Калилов алдыда кенемте төлөтүү боюнча орчундуу сүйлөшүүлөр бар экенин белгиледи:

- Учак кырсыгынан каза тапкан адамдардын куну канчага бааланат деген маселеде бир топ суроолор жаралууда. Кечээ ошол өкүлдөр мисал катары Малайзиядагы авиакырсыкта учактын жүргүнчүлөрүнө 50 миң АКШ доллары өлчөмүндө кенемте төлөнгөнүн мисал келтиришти. Ошол эле кезде кээ бир учурларда кенемте төлөнбөй калган мисалдар дагы бар экен.

Үнжүоглу: Учак кырсыгы боюнча кенемте кечигүүдө

Үнжүоглу: Учак кырсыгы боюнча кенемте кечигүүдө

Түрк мыйзамдары боюнча компенсация маселеси кандай чечилет? Бул боюнча борбордун адвокаты Хакан Үнжүоглу "Азаттыкка" маек курду.

Буга чейин Түркиядагы "Сейхан" юридикалык бюросу кыргызстандык өнөктөштөрү менен бирге Дача СУдагы авиакырсыктан жабыркаган тарапка акысыз юридикалык жардам көрсөтүүнү сунуштаган. Адвокат Эркин Сааданбеков өкмөт тажрыйбалуу адвокаттык бюронун жабырлануучу тараптын кызыкчылыгын акысыз коргоп берүү сунушун четке какканын айтты:

- Бизге жабырлануучу тараптан эч ким кайрылып, кызыкчылыгын коргоого ишеним кат берген жок. Анткени Дача СУдагы жыйында биринчи вице-премьер-министр кызматын сунуш кылган адвокаттардын колунан эч нерсе келбестигин айтып, аларга ишенбөөгө чакырып, жабырлануучу тарапты өкмөт өзү коргоп аларын айтыптыр. Бирок азыркы күнгө чейин мына ошол авиакомпанияны камсыздандырган тарап бир тыйын дагы төлөп бере элек. Муну эми өкмөттөн сураш керек.

Транспорт жана коммуникация министри Жамшитбек Калилов акысыз юридикалык кызматын сунуштаган бир нече компания болгонун айтып, бул жерде амалкөй коммерциялык кызыкчылык бар экенин билдирди. Ал жабырлануучу тараптын кызыкчылыгын коргоодо кызыл кулактыкты алдын-алуу үчүн өкмөт жоопкерчиликти толук өзүнө алганын белгиледи.

30-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын эсебине Дача Су айылында кыйраган учактын ээси, түркиялык «ACT Airlines» авиакомпаниясынан 600 миң доллар (42 млн сомдой) түшкөнү маалым болду.

Өкмөттүн сайтында жазылгандай, биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев бул каражат, өкмөттүк комиссия эсептеп берген 195 миллион сомдук жалпы чыгымдардын бир бөлүгү экенин белгиледи. Анын айтымында, түрк тарап келтирилген зыянды толук которгондон кийин компенсация жабыркагандарга төлөнүп берилет. Эки тарап компенсация берүү маселесин соттук териштирүүлөргө жеткирбей чечүүнү сүйлөшкөн.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG