Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:33

Жапаровду колдоо митингинде кармалгандар бошотулду


25-мартта УКМК имаратынын алдындагы митингде милиция тарабынан кармалып, шаардык кабыл алуу жана бөлүштүрүү жайына камалган Садыр Жапаровдун тарапкерлери бошотулду. Аларды жакын туугандары тосуп алганы тартылган видеолор интернетке жарыяланды. Буга чейин акыйкатчы Кубат Оторбаев митингде кармалгандар эркиндикке бүгүн чыгарыларын билдирген.

ИИМдин маалыматы боюнча, шаардык кабыл алуу жана бөлүштүрүү жайында 65 адам кармалган. Анын экөө эки күнгө, бири үч суткага камалып, мөөнөтүн өтөп чыккан. Бүгүн калган 62 адам бошотулары маалымдалган.

28-мартта акыйкатчы Кубат Оторбаев шаардык милициянын кабыл алуу жана бөлүштүрүү жайындагы кармалган адамдар менен жолукканда көпчүлүгү кармоо шарты өтө начар экенин айтышкан. (NT)

XS
SM
MD
LG