Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:35

Путин: мыйзам бузгандар жазага тартылышы керек


Орусиянын президенти Владимир Путин.
Орусиянын президенти Владимир Путин.

Орусиянын президенти Владимир Путин 26-мартта Москвада өткөн митингди полиция күч менен басканы боюнча айтылган сындарды четке кагып, “мыйзамды бузган ар бир адам жазага тартылышы керектигин” билдирди. Бул тууралуу ал 30-мартта Архангельск шаарында өткөн Арктика эл аралык форумда айтты.

Путин “айрым саясий күчтөр коррупцияга каршы күрөштү өлкөдөгү кырдаалды оңдоо үчүн эмес, өздөрүнүн ыпылас кызыкчылыктары үчүн пайдаланууга аракет кылып, шайлоо өнөктүгүн утурлай саясий аренада өзүлөрүн таанытуу үчүн колдонуп жатышат”, – деп айтты.

Коррупция Орусия үчүн чоң көйгөй экенин моюнга алган Путин куугунтуктоо тууралуу чет өлкөлөрдүн бийликтери жасаган билдирүүлөрдү сынга алып, “биз муну өлкөнүн ички иштерине кийлигишүү максатында айтылган саясатташтырылган билдирүү катары кабыл алабыз” – деп кошумчалады.

26-мартта Москвада өткөн уруксатсыз митингде оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный полицияга каршылык билдирди деген айып менен 15 күнгө камалаган. 30-мартта Москва шаардык соту мурдагы чечимди күчүндө калтырды. Навальный 2018-жылы өтө турган президенттик шайлоодо өз талапкерлигин кое тургандыгын айткан.

Нааразылык акцияларын уюштурууга Коррупцияга каршы фондунун "Ал силерге Димон эмес" деген иликтөөсүнүн жарыяланышы себеп болду. 2-мартта чыккан фильмде өкмөт башчы Дмитрий Медведевдин “жашыруун империясы” - кымбат баалуу мүлкү, жер аянттары, яхталары жөнүндө айтылган. Фонд мунун бардыгы мыйзамсыз жол менен алынган деп эсептейт. Бирок премьер же анын өкүлдөрү фонддун жетекчиси Навальныйдын айыптоолоруна жооп кайтарышкан жок.

26-мартта нааразылык акциялары Санкт-Петербург, Тула, Краснодар, Хабаровск, Липецк жана башка шаарларда өттү. Активисттердин эсебинде Москвада миңден ашуун адам кармалган.

Орусия Transparency International эл аралык уюмунун коррупция боюнча соңку баяндамасында 176 мамлекеттин ичинен 131-орунда жайгашкан.

XS
SM
MD
LG