Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:59

Жолдубаева: Прокуратура саясатка аралашпайт


Индира Жолдубаева
Индира Жолдубаева

Башкы прокурор Индира Жолдубаева көзөмөл органы саясатка аралашпай турганын билдирди. Бул тууралуу "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Садык Шернияздын суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Шернияз өзүнүн фракциялаштары оппозицияга өтө электе прокуратура аларга мамилеси түз болгонун, бирок бийликтин айрым аракеттерин сындап чыккандан соң "атамекенчилерге" каршы тез кылмыш иштери ачылып, айрымдары камалганын мисал келтирди.

Индира Жолдубаева буга жооп берип, көзөмөл органы мыйзам чегинде иштээрин, аныкталган маалыматтардын негизинде кылмыш иши козголоорун, "Ата Мекен" фракциясынын депутаттарынан тышкары, башка фракция өкүлдөрүнө кылмыш иши козголуп келатканын айтты. Ошондой эле прокуратуранын аракетинде саясат жоктугун кошумчалады.

Учурда "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев, Аида Салянова жана Алманбет Шыкмаматовго каршы кылмыш иши ачылган. КСДП фракциясынан Музаффар Исаковго кылмыш иши козголгон. Өткөн ай соңунда Башкы прокуратура Социал-демократтар фракциясынын лидери Иса Өмүркуловго тиешелүү материалдарды УКМКдан сураган. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG